Нобель комитети сыйлыктын ээсин таба албай жатат
2025-жылдагы Нобель сыйлыгынын медицина тармагы боюнча лауреаты болуп белгиленгендердин бири Фред Рамсделл. Бирок илимпоз бул жаңылыктан кабарсыз, анткени ал АКШнын Айдахо штатында цивилизациядан алыс жерде эс алып жүргөндүктөн, Нобель комитети ага байланыша алган эмес. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Рамсделл бул сыйлыкты Сиэтл шаарындагы Мэри Брункоу жана Япониянын Осака университетинин окумуштуусу Шимон Сакагучи менен биргеликте алды. Үчөө иммундук системдин иштешин изилдеп, организмди өз клеткаларынан коргой турган "регулятордук Т-клеткаларын" аныкташкан. Бул ачылыш медицинада аутоиммундук ооруларды дарылоонун жаңы багытын ачкан.
Нобель комитети Рамсделл менен байланышууга аракет кылганы менен, ал учурда "санариптик детоксто" жүрөт. Анын кесиптеши Жеффри Блустоун илимпоз азыр "Айдахонун токойлуу аймактарында байланышсыз жүргөн болушу мүмкүн" деп билдирди.
