Баткенде алмашылган айылдардын тургундарын 1-ноябрга чейин көчүрүү пландалууда






Баткенде Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалымдагандай, кеңешмеге облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилери жана облустук тийиштүү жетекчилер катышкан. Натыйжада Токсонбаев жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берген. Коюлган тапшырмалар:
- Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Элдин түшүм жыйноо өнөктүгүн жыйынтыктоо;
- Жаңы айылдарда курулган үйлөрдү чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүү;
- 20-октябрга чейин Баткен районундагы Жаңы-Достук жана Лейлек районунун Раззаков, Максат айылдарындагы турак үйлөрдүн курулушун бүтүрүү, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- 25-октябрга чейин ар бир турак үйдүн мамлекеттик актысын бүткөрүү.
Кеңешмеде чек ара айылдарынын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүүнү уюштуруу маселеси каралып, тийиштүү тапшырмалар коюлган.
"Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу тобу тарабынан бекитилип берилген кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибине ылайык, 25-августтан 9-сентябрга чейин эки тараптуу комиссия, алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарды.
Натыйжада Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстандан Согди облусунан 214 турак үйгө акт түзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата Баткен районунун Көк-Терек айылы менен Тажикстандын Исфара районунун Самонен, Дахма айылдары алмашылды",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.