"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Теңдик көчөсүн Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү.
Жолчулар эки тарапка тротуарларды куруп, ирригациялык системди орнотуп, жаңы асфальт төшөштү.
Учурда бригада жаңыланган тилкеге жол белгилерин түшүрүүдө.