super.kg logo

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр "жакшы маанайда" өтүүдө

 

Израил менен ХАМАСтын өкүлдөрү Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги этабына өтүштү. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында өтүүдө. ХАМАС Израил туткундарды бошоткондон кийин келишимдин шарттары сакталарына эл аралык кепилдик талап кылууда.

Египеттик маалымат булактары сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү "оң маанайда" өткөнүн билдиришти. Башкы тема – туткундарды бошотуу болуп, АКШ, Египет жана Катар ортомчу катары катышууда. АКШ Израилди Газага аба соккуларды токтотууга чакырды, бирок Израил "коргонуу максатындагы" чабуулдарын улантып жатат.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта аба соккулардан кеминде 19 адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: