АКШда өкмөттүн иш токтотуусунан улам аэропорттордо каттамдар кечиктирилүүдө
АКШда федералдык өкмөттүн иши токтогондуктан бир катар аэропорттордо каттамдар кечигүүдө. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кадр жетишсиздиги Ньюарк, Денвер, Финикс жана Лас-Вегас сыяктуу аэропорттордо аба каттамдарына таасир эткен.
Жарандык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, 13 миң авиадиспетчер менен 50 миң коопсуздук кызматкери айлыксыз иштөөгө аргасыз болуп, айрым аймактарда персонал 50 пайызга чейин кыскарган. Кечээ, дүйшөмбүдө АКШ боюнча 4000ден ашык каттам кечиккен.
Өкмөт ишинин токтошу 1-октябрда расмий жарыяланган. Ал демократтар менен республикачылардын бюджет маселесинде келишимге келе албай калышынан улам орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.