super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 7-октябрда жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары бул тармак жаңы өнүгүү баскычына чыкканын, “Талас”, “Каракол”, “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору пайдаланууга берилгенин белгиледи.

“Манас” аэропортунда модернизация иштери жүрүп жатат, ал эми “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда жаңы терминалдар курулууда. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы эң ири долбоор болгон Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталды.

Мындан тышкары “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн “Бомбардиер Даш-8” (Bombardier DASH 8 Q400) үч аба кемеси менен толуктап, ички жана аймактар аралык каттамдардын жыштыгын көбөйтүү менен Кыргызстандын аба ташуу тармагындагы позициясын чыңдап жатат.

Учурда Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүп жатат. Дал ушул күндөрү өлкөбүздүн делегациясы Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселени талкуулоодо. Жакынкы келечекте Европа асманы кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылары күтүлүүдө.

Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат: аэропортторду модернизациялоону аяктоо, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, Кыргызстанды Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыңдоо жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо.

Авиация – бул өлкөнүн биримдигинин символу, жарандар үчүн ыңгайлуулук, туристтер үчүн ачыктык жана мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн символу.

Ардактуу авиация кызматкерлери жана ардагерлер, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Асманыңыздар дайыма ачык, учушуңуздар ишенимдүү, бийиктигиңиздер жаңы болсун!"- деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: