super.kg logo

Бишкекте көмүрдүн баасынын кымбатташынын себеби айтылды

 

Быйыл Бишкекте көмүрдүн 1 тоннасы 5 800 сом болот. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Бишкекте былтыр коюлган баа 5 300 сом болчу. Быйыл 5 800 сом болот. Монополияга каршы кызмат коюп берген баа менен эсептесек 6 000ге деле чыгат. Эмне себептен мындай баа чыгып жатат? Анткени былтыр 5 300 сомдон сатылган көмүрдүн 40-50 пайызы майда болчу. Быйыл бүт кесек көмүр сатылат",- деди ал.

Ошондой эле Маматов Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү киргизбеш үчүн Кемин жана Кара-Балтага пост коюларын айтты.

Буга чейин Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салган министрлер кабинетинин токтому чыкканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2025. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу тилчилер, комурдун майдасы жок болсо, аны кезек деп жазылабы же кесек жазылабы? Ушуну билип алуу учун тактап берсенер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: