Президенттер: Балалыгында чалгынчы болууну каалаган Орусиянын лидери Путин тууралуу кызыктар
"Президенттер" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Орусиянын учурдагы өлкө башчысы Владимир Путин тууралуу кеп кылабыз. Орусиянын лидери бүгүн, 7-октябрда туулган күнүн белгилейт.
Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан
Владимир Путин 1952-жылы Ленинградда төрөлгөн.
"Жөнөкөй үй-бүлөдөнмүн. Мен катардагы нормалдуу адамдай жашадым жана менде ар дайым бул байланыш сакталып калган",- деп орус басылмаларынын бирине маек берген ал.
Атасы Владимир Путин Орусиянын Поминово айылында туулган. Ал суучулдар флотунда кызмат өтөгөн, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Атасы "Ленинграддын коргонуусу үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени менен сыйланган.
Апасы Мария Путин заводдо иштеп, Ленинград блокадасын баштан кечирген. Ал да "Ленинграддын коргонуусу үчүн" медалы менен сыйланган.
Владимир Путин үй-бүлөдө үчүнчү бала, анын эки агасы ал төрөлгөнгө чейин каза болуп калган.
Ал тентек болгон
1960-1965-жылдары Путин сегиз жылдык орто мектепте окуган. Андан соң Технология институтунун базасындагы химия багытындагы орто мектепке тапшырган жана 1970-жылы аяктаган.
Путин берген маектерининин биринде 6-класска чейин сабактарга кызыгуусу анчейин жок болуп, тентек болгонун айткан.
Бир нече тасмаларда каскадёрлук кылган
1964-жылдан баштап ал "Турбостроитель" спорт клубунда дзюдо менен машыгып, машыктыруучулары Анатолий Рахлин жана Леонид Усвяцов болгон. Ленинграддын башка спортчулары менен бирге "Ленфильмде" каскадёр катары тартылып, "Ижорский батальон" жана "Блокада" аттуу аскердик драмаларда ойногон.
Чалгынчы болууну кыялданган
Владимир Путин мектепти бүтүрө электе эле анын чалгындоо тармагында иштөө каалоосу пайда болгон. Чалгынчылар кантип болорун билүү үчүн ал КГБ башкармалыгынын кабылдамасына барган. Ал жерден ага алгач армияда кызмат өтөө же жогорку окуу жайын, жакшысы юридикалык факультетти бүтүрүү керектигин айтышкан.
"Ошол учурдан баштап мен Ленинград университетинин юридикалык факультетине тапшырууга даярдана баштадым",- деп айткан Путин маектеринин биринде.
"Университетке тапшырганда башка баалуулуктар пайда болду"
1970-1975-жылдары ЛГУнун юридикалык факультетинин эл аралык бөлүмүндө окуп, КПССке мүчө болгон. Бул убакта ал биринчи жолу Анатолий Собчак менен таанышкан.
"Университетке окууга киргенден кийин башка стимулдар, башка баалуулуктар пайда болду. Мен көбүнчө окууга көңүл бурчумун, ал эми спортко экинчи даражадагы иш катары мамиле кылчумун. Бирок, албетте, үзгүлтүксүз машыгып, бүткүл союздук мелдештерге катышчумун",- деген ал.
1983-жылы үйлөнгөн
Владимир Путин менен анын жубайы Людмила Шкребневаны экөөнүн орток досу тааныштырган. Людмила ички каттамдарда стюардесса болуп иштеп, курбусу менен Ленинградга үч күнгө учуп келген.
"Мен Питерде биринчи бөлүмдө иштеп жүргөнүмдө, бир досум телефон чалып, Аркадий Райкиндин театрына чакырды. Анын билеттери бар экен, кыздар дагы болот деди. Бардык. Кыздар чындап эле бар экен. Эртеси күнү кайра театрга бардык. Билеттерди мен алдым. Үчүнчү күнү дагы ошондой болду. Алардын бири менен сүйлөшө баштадым. Дос болуп кеттик. Люда, менин болочок жубайым менен",- деп Путиндин маек бергени бар.
"Володяда мени өзүнө тарткан бир нерсе бар болчу. Үч-төрт айдан кийин эле ал мага керектүү адам экенин түшүндүм",- деп айткан анын жубайы Людмила.
Таанышкандан үч жыл өткөндөн кийин Путин Людмилага баш кошууну сунуштаган. Ошентип 1983-жылы 28-июлда алар баш кошушкан.
1985-жылы Владимир жана Людмила Путиндердин Мария аттуу кызы төрөлгөн. Кичүү кызы Катерина 1986-жылы – Дрезденде төрөлгөн. Эки кызга тең чоң энелеринин ысымдары коюлган. Апасы Людмиланын айтымында, Путин кыздарын абдан жакшы көрөт.
Германияда чалгындоо пунктунда иштеген
1985-1990-жылдары Владимир Путин Германияда иштеген. Ал Дрездендеги аймактык чалгындоо пунктунда кызмат өтөгөн. Кызмат өтөгөн жылдары үчүн подполковник наамына чейин көтөрүлүп, бөлүм башчысынын улук жардамчысы кызматына дайындалган. Ал эми 1989-жылы "Германиянын Улуттук элдик армиясынын алдындагы көрүнүктүү эмгеги үчүн" коло медалы менен сыйланган.
Саясий карьерасы
Германиядан Ленинградга кайтып келгенден кийин Владимир Путин 1990-жылдан баштап Ленинград мамлекеттик университетинин ректорунун эл аралык маселелер боюнча жардамчысы болуп иштеген. 1996-жылы ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүп барган, ал жерде анын саясий карьерасы башталган.
1991-жылдын июнь айынан баштап Путин Санкт-Петербург мэриясынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеп, ошол эле учурда 1994-жылдан баштап Санкт-Петербург өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болгон.
Ленинград мэриясына жумушка өткөндөн кийин Путин СССР КГБ органдарынан бошотуу жөнүндө рапорт жазган.
Москва. Президент
1996-жылы Владимир Путин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп барган, анткени ага Орусиянын президентинин иш башкармасынын орун басары кызматын сунушташкан.
1997-жылдын март айында Путин Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Ал эми 1999-жылдын августунда Путин Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы болгон. Бул кызматты ага ошол кездеги Орусия президенти Борис Ельцин сунуштаган.
2000-жылдын алдында Орусиянын өлкө башчысы Борис Ельцин Владимир Путинге президенттин милдетин аткаруучу болууну сунуштаган. Ошентип 1999-жылдын 31-декабрында ал Орусиянын президентинин милдетин аткаруучу болгон.
Ал эми 2000-жылдын 26-мартында Владимир Путин Орусиянын президенти болуп шайланган, 2004-жылдын 14-мартында өлкө башчысы болуп экинчи мөөнөткө шайланган.
2008-жылдын 8-майында Орусия президентинин жарлыгы менен Путин өлкөнүн өкмөтүнүн төрагасы болуп дайындалган.
2012-жылы Путин үчүнчү ирет, 2018-жылдын 7-майында төртүнчү ирет өлкө башчысы болуп шайланган. Ал эми 2024-жылы 76 миллиондон ашык добуш менен эң көп добуш чогултуп, кайрадан президент болгон.
