super.kg logo

Трамп TikTok аркылуу америкалыктарга кайрылды (видео)

 

АКШнын лидери Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңип чыккандан бери биринчи жолу TikTok социалдык тармагына видео жайгаштырды. Бул Кытай социалдык тармагын АКШдагы америкалык компанияга өткөрүп бергенден кийин болду.

"Мен TikTok`ту сактап калдым, андыктан силер мага көп карыздарсыңар. Мени азыр Сүйрү кабинетте көрүп жатасыңар. Качандыр бир күнү силердин бирөөңөр ушул столго отуруп, эң сонун иш жасайсыңар",- деди ал.

Эске салсак, сентябрь айынын аяк ченинде Трамп АКШдагы кытайлык TikTok социалдык медиа платформасын башкарууну америкалык бизнеске өткөрүп бере турган келишимди бекиткен буйрукка кол койгон.

Буйрукка ылайык, жаңы түзүмдө эң чоң үлүшкө жана көзөмөлгө америкалык компания ээ болсо, кытайлык ByteDance компаниясы 20 пайыздан аз үлүшкө ээ болот. Жаңы компания болжол менен 14 миллиард долларга бааланат.

ByteDance компаниясын АКШда сатууну же ишин токтотууну талап кылган мыйзамга 2024-жылы АКШнын мурдагы президенти Жо Байден кол койгон. Трамп платформаны жакшы көрөрүн билдирди, анткени анын колдонуучуларынын добуштары анын президенттик жеңишине салым кошкон. 2025-жылдын 20-январындагы инаугурациясынан кийин ал Америка Кошмо Штаттарында платформаны бөгөттөөнү кийинкиге калтырган буйрукка кол койгон. Кийинчерээк ал кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн бир нече жолу узарткан.






Трамп TikTok аркылуу америкалыктарга кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: