Трамп рэпер P. Diddy ырайым сураганын ачыктады
АКШнын президенти Дональд Трамп рэпер P. Diddy (чыныгы аты Шон Комбс) ырайым сураганын айтты. Ал бул тууралуу Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Бирок Трамп сүйлөшүүнүн чоо-жайын ачыктаган жок жана рэперге ырайым берүүгө даярбы же жокпу тактаган эмес.
Буга чейин Deadline басылмасы Трамп P. Diddy`ге ырайым кылуу маселесин карап жатканын жазып чыккан.
3-октябрда Нью-Йорктун соту рэперди сойкулук үчүн адамдарды ташыган деп төрт жылдан ашык абакка кескен. Айыптоочу тарап 11 жылдан ашык, жактоочу тарап 14 айга эркинен ажыратууну сураган.
2-июлда калыстар тобу Комбсты сойкулук үчүн адамдарды ташууга байланыштуу бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок акча талап кылуу жана адам сатуу беренелери боюнча аны актаган.
