"Болгондун баарын соцтармакка жарыялап". Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Царикаевди сындады (видео)
Бүгүн, 7-октябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Таалайбек Сариев калаа мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев деген фамилия менен таанымал) сынга алды.
Ал Таалайбековдон баш аламан соода кылгандарды видеого тартып алып, социалдык тармакка жарыялоо канчалык мыйзамдуу экенин сурады.
"Кичинекей баланын тили ата, апа деп чыгат да, анан бул биздин кээ бир кызматкерлердин тили айып пул менен чыккан да. Силер соода кылып жаткандардын товарын жүктөп, алардын видеосун социалдык тармактарга жарыялап, аны көргөзүп жатканыңар канчалык деңгээлде мыйзамдуу?",- деди шаардык кеңештин депутаты.
Мирлан Таалайбеков мыйзам бузгандарды видеого тартып чыгарууга мыйзам жол берерин айтып жооп кылды.
Сариев бирок аны жарыялоонун кажети жок экенин айтып, улуу адам катары ага айып салынып жаткандан кийин видеого тартып чыгарбоону кеңеш кылды.
"Алардын да туугандары бар. Бирок силер аны бүт Кыргызстанга жарыялап жатасыңар. Силер айып пул салып жаткандан кийин ал өзүнүн айыбын тартып жатат. Бул адамдык сапатка жатпайт. Алиев (ред.: Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев) экөөңөр Бишкекти башкарып калдыңар беле? Болгонун баарын соцтармакка жарыялап, бул силерге оюнчукпу?",- деди ал.
Бишкек шаардык депутаты Царикаевди сындады

