УКМК тарабынан 29 жаштагы мамлекеттик кызматкер кармалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте Финансы жана көзөмөл бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөнүн белгиледи.
Аталган факт боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Финансы жана көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 29 жаштагы С.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

