super.kg logo

Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

 
Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэриясына Каракол шаарынын мэриясынан делегация келди. 3 күн ичинде эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Алгачкы күнү мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды.
Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле калаанын стратегиялык пландары жана жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарын түзүү багытындагы иштер, мамлекеттик-жеке жана эл аралык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашып жаткан долбоорлор, туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктер тууралуу айтылды.
Алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: