super.kg logo
  Саясат  

"Бала даяр эмес экен". Нурзат Токтосунова Царикаевди сындады (видео)

 

Бүгүн, 7-октябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Нурзат Токтосунова калаа мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) сынга алды.

Ал алгач Таалайбековдон мыйзам бузгандарды видеого тартып, социалдык тармактарга чыгаруусу канчалык натыйжа берип жатканын сурады. Таалайбеков сөзүн орус тилинде баштаганда, Токтосунова андан кыргыз тилинде жооп берүүсүн талап кылды. Бирок Таалайбеков орус тилинде сүйлөө да өз укугу экенин айтты.

Токтосунова ал отчёт берүүгө даяр эмес экендигин белгиледи.

"Кесиптештер, жаш бала жанатан бери курчтук кылып жатат. Отчёт жакшы эмес, бала даяр эмес экен. Азыр өтө эле көп убактыбызды талап кылып жатат. Кайра даярданып, этиканы үйрөнүп келсин деп эле жапсак кандай болот?",- деди ал.

Бирок Тотосунованын сунушу кесиптештери суроо берип бүткөндөн кийин добушка коюлмай болду.

Эске салсак, Мирлан Таалайбеков Милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө Токтосунова экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралган.






"Бала даяр эмес экен". Нурзат Токтосунова Царикаевди сындады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: