Нарында сел түшүү коркунучу бар коктуларга атайын каналдар салынууда









Нарын шаарынын Ак-Коргон жана Арал кичи чөлкөмүндө коктулардан түшкөн сел агымдарынын калктуу конушту каптоо коркунучун алдын алуу максатында атайын каналдар салынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунун тапшырмасына ылайык, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кошумча планы менен Арал кичи чөлкөмүндө узундугу 350 метр, Ак-Коргон аймагындагы тоо боорлорунда 200 метр канал казылды.
Шаарда сел агымдарын кесепеттерин жоюу программасы менен сел кооптуулугун алдын алуу максатында салынып жаткан каналдарды калаа башчысы жеринде көрүп, кыян сууларынан чогулган селди Нарын дарыясына кошуучу нук салуу пландалып, Арал айылында ички көпүрөнү оңдоо, Ленин көчөсүн оңдоп-түзөөдө Батыш аймагында суу өткөөлдөрүн кошо куруу талкууланды.
Нарын шаарында кийинки, 2026-жылы 7 сел түшкөн коктуларда атайын сел тосмолорун куруу, каналдарды салуу, эски каналдарды тазалоо мерчемделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.