Бивол-Бетербиев трилогиясы: Чемпион качан рингге кайтып келери белгилүү болду
Бокс дүйнөсүндөгү белгилүү мушкер Дмитрий Бивол 2026-жылдын биринчи чейрегинде гана рингге кайтып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу The Ring журналынын журналисти Майк Коппинжер маалымдады.
Анын айтымында, Бивол учурда омуртка аралык грыжадан айыгуу үчүн реабилитация өтүп жатат - анын бир бөлүгүн Дубайда, калганын Санкт-Петербург шаарында улантат.
Биволдун айтымында, ал азыр 6 жумалык калыбына келтирүү программасында жана белдин толук айыгышына ишенүүгө аракет кылууда. Мушкердин менеджери Вадим Корниловдун билдирүүсүнө караганда, спортчу кайтып келгенден кийин алгач жеңил атаандаш менен беттеш өткөрөт. Бул болсо көптөн күткөн Бивол–Бетербиев трилогиясынын дагы бир жолу кийинкиге жылдырыларын билдирет.
Эске сала кетсек, Дмитрий Бивол жана Артур Бетербиев эки ирет рингге чыккан. Биринчи жолу 2024-жылы Сауд Арабиясында өткөн беттеште Бетербиев жеңген. 2025-жылдын февралындагы реваншта болсо Бивол жооп кайтарып, "абсолюттуу чемпион" наамын алган. Бирок кийинчерээк жаракаттан улам ал WBC чемпиондук курунан баш тартууга мажбур болгон. Учурда Бивол WBA, IBO жана IBF версиялары боюнча дүйнө чемпиону бойдон калууда.
