Мурда кайым айтышкандар да бар. Царикаевди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары сынга алышты
Бүгүн, 7-октябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында калаа мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков (Царикаев) отчёт берди.
Бирок эл өкүлдөрү тарабынан анын ишмердүүлүгүнө сындар айтылды. Депутат Таалайбек Сариев баш аламан соода кылгандарды видеого тартып алып, социалдык тармакка жарыялоо канчалык мыйзамдуу экенине кызыкты. Буга Таалайбеков мыйзам бузгандарды видеого тартып чыгарууга мыйзам жол берерин айтып жооп кылды.
Сариев бирок аны жарыялоонун кажети жок экенин айтып, улуу адам катары ага айып салынып жаткандан кийин видеого тартып чыгарбоону кеңеш кылды.
"Алардын да туугандары бар. Бирок силер аны бүт Кыргызстанга жарыялап жатасыңар. Силер айып пул салып жаткандан кийин ал өзүнүн айыбын тартып жатат. Бул адамдык сапатка жатпайт. Алиев (ред.: Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев) экөөңөр Бишкекти башкарып калдыңар беле? Болгонун баарын соцтармакка жарыялап, бул силерге оюнчукпу?",- деди ал.
Кесиптешинин пикирин колдогон Нурзат Токтосунова Таалайбековдон социалдык тармактарга видео чыгаруусу канчалык натыйжа берип жатканын сурады. Таалайбеков сөзүн орус тилинде баштаганда, Токтосунова андан кыргыз тилинде жооп берүүсүн талап кылды. Бирок Таалайбеков орус тилинде сүйлөө да өз укугу экенин айтты. Токтосунова ал отчёт берүүгө даяр эмес экендигин белгиледи.
"Кесиптештер, жаш бала жанатан бери курчтук кылып жатат. Отчёт жакшы эмес, бала даяр эмес экен. Азыр өтө эле көп убактыбызды талап кылып жатат. Кайра даярданып, этиканы үйрөнүп келсин деп эле жапсак кандай болот?",- деди ал.
Бир катар эл өкүлдөрү Таалайбековду видеого тартып чыгара берүүсүн токтотууга чакырышып, алардында туугандары бар экенин жүйө келтиришти. Айрымдары анын берилген суроолорго орус тилинде жооп бергенине да нааразычылыктарын билдиришти. Сынга алгандардын арасында Казыбек Эргешов да болду. Жыйынтыгында депутаттар анын отчётун угууну кийинки жыйынга калтырышты.
Эске салсак, Мирлан Таалайбеков Милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө Токтосунова менен да, Эргешов менен да кайым айтышканы белгилүү.
Январь айында Таалайбеков Токтосуновага коопсуздук курун тагынбай унаа айдаганы үчүн протокол толтурган. Окуя Бишкек мэриясынын алдында болгон. Видео коомчулукта түрдүү пикир жараткан. Токтосунова окуядан кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, экөөнүн сүйлөшүүсү толук тартылбаганын белгилеп, аны "жигитчилик кылган жок" деп сындаган.
Ал эми Эргешов менен Таалайбековдун ортосундагы окуя былтыр жай айында болгон. Анда депутат унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулган.
Ал жол инспектору токтотор замат депутаттык күбөлүгүн көрсөткөн. Ага Таалайбеков мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салып, протокол түзгөн. Нааразы болгон Эргешов аны “адам эмессиң” деп тилдеп, пиар менен алектенбөөгө чакырган.


