Физика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси аныкталды
Швециянын Падышалык илимдер академиясы бүгүн, 7-октябрда 2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдарын атады. Бул жылы кванттык физика жаатында изилдөө жүргүзгөн Америка Кошмо Штаттарында иштеген үч окумуштуу сыйлыкка ээ болду.
Маалыматка ылайык, сыйлык ээлери - Жон Кларк, Мишель Деворет жана Жон Мартинис.
Нобель жумалыгынын калган күндөрүнүн графиги төмөнкүдөй:
8-октябрда химия боюнча, 9-октябрда адабият боюнча, 10-октябрда тынчтык боюнча сыйлык ээлеринин ысымдары аталат.
Дүйшөмбү күнү, 13-октябрда Альфред Нобелдин элесине арналган экономика боюнча сыйлык тапшырылат. Бардык 2025-жылдын лауреаттарын сыйлоо аземи Стокгольмдо жана Ослодо 10-декабрда, адаттагыдай эле Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт. Бул жолу бир номинациядагы жеңүүчүгө же жеңүүчүлөргө сыйлыктын өлчөмү 11 миллион швед кронунан (1 миллион доллардан ашык) турат.
Эске салсак, кечээ, 6-октябрда 2025-жылы физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгын ким алганы белгилүү болгон.
