super.kg logo

Билим жана жетишкендик. Орусиянын заманбап шаарлары кыргызстандык студенттердин көзү менен (маек)

 

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн булуң-бурчунда мекенибиздин атын чыгарып, билимдин артынан түшкөн жаштар арбын. Алардын ар бири – мекенге болгон сүйүүсүн, үмүтүн жана келечекке болгон ишенимин жандарында алып жүрүшөт. Бул ирет “Ийгилик жаратууга дем берген жаштар” рубрикабызда Орусиянын мыкты окуу жайларында билим алып жаткан эки мекендешибиздин көз карашы, кыялы жана алдыдагы максаттары тууралуу сөз кылабыз.

Алардын бири мамлекеттик башкаруу жаатында окуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошом дегендерден. Ал эми экинчиси онкология багытында билим алууда.

Алгачкы биздин маектешибиз Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун тургуну, Екатеринбургда Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын студенти Элнура Сулайманкулова болмокчу. Ал бир кыз, бир уулу менен 2012-жылы Орусияга иштегени барып, ал жакта билим алууну чечкен. Учурда анын бул максаты ишке ашып, курсташтарынын ичинен биринчилерден болуп Екатеринбург шаарынын администрациясынын жаштар саясаты бөлүмүнө ишке орношту. Экономика жана менеджмент факультетинде билим алып жаткан Элнура айымды кепке тарттык.

- Элнура, президенттик академияга качан тапшыргансыз? Алгачкы таасирлериңиз?

- Турмуш шартка байланыштуу жогорку окуу жайда окубай калып, “билим алышым керек” деген ой мени такыр коё бербеди. 2 балам менен Екатеринбургда иштеп жүргөндө максатымды ишке ашырдым. 2021-жылы академиянын билим берүүсү жакшы экенин угуп, документ толтуруп, экзамен тапшырып, болгондо да акысыз билим алууга өтүп кеттим. Алгач кыйналдым, эки баламды бала бакчага ташыйм, окуйм, кошумча жумуш, үйдөгү оокат болуп, 1 сутка бою уктабай калган күңдөрүм болду. Бирок аял киши эрктүү болот экенбиз. Буюрса ал күндөр артта калды. Апам “кыйынчылыктын артында жеңиш бар, ал үчүн аракет керек” деп көп айтат. Азыркы мээнетим келечекте мөмөсүн берет деп ишенем.

- Президенттик академиянын билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү кандай?

- Бул жакта сабактар көбүнчө практика менен байланышкан. 1-курстан эле студенттерди ар кандай конференция, форумдарга жиберишет, илимий макала, стартап жаза баштайбыз, ар бир предметти презентация менен өткөрөбүз. Кыргызтанда көбүнчө теориялык багытка басым жасалат эмеспи. Мугалим ар бир студент менен иштешип, аналитикалык иштер, практикалык кейстер берилет. Атаандаштык жок, биргелешип, бир багытта иштөө маданияты өнүккөн. Кошумча акысыз курстар каралган, анын негизинде диплом аларда квалификациясын жогорулатты деген серификат берилет.

- Жатакана, тамак-аш, транспорт жагынан канчалык ыңгайлуу?

- Президенттик академиянын студенттери үчүн түзүлгөн шарт абдан мыкты. Бардык шарттары бар бекер жатакана менен камсыз кылышат. Ал жактан чыгып эле жер алдындагы жол менен түз академияга кирип келесиң. Ашканасы студенттердин капчыгына ылайыкташтырылган. Окуу жай шаардын борборунда жайгашкан.

- Екатеринбург шаарына студенттин көзү менен караганда кандай жакшы шарттар бар?

- Бул шаарда мүмкүнчүлүктөр кеңири. Билим алам, өлкөгө салым кошом деген жаштарды мамлекет кош колдоп, болгон мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздайт. Окуп жатканда сен чет өлкөдөн келген жарансың деген бөлүп-жарууну байкаган жокмун. Болгон шарттар студенттерге бирдей каралган. Жергиликтүү эл баасы асман чапчыса да маданиятты биринчи орунга коюшат, дегеним, театрларга тынбай барышат, спектакль көрүшөт. Активдүү студенттерге анын баары акысыз. Мен да өз өлкөмдө ушул маданияттын жайылышын каалайт элем. Мисалга алсак, кызым 2-класста окуйт, ай сайын театарга барышат. Бала бакчадагы уулума бир жылдык абонемент алганбыз, мугалимдери күнү келгенде сөзсүз алып барышат. Баары тарыхыбыздан, маданиятыбыздан башталат да.

- Жаштарга сиз айтчу кеңеш?

- Билим алалы. Азыр мүмкүнчүлүк кеңири. Мен окуган окуу жайда акысыз билим алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок билимиңе гана ишен демекчимин. Бул жакта пара берип, тааныш аркылуу окууга өтүү деген жок. Өз күчүңө гана ишенесиң. Бишкекте Орусиянын окуу жайларына өтүү үчүн ар кандай жарманкелер өтүп турат. Катышып, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла демекчимин. Мен да окуумду ийгиликтүү бүтүп, Кыргызстанга барып, алган билимимди балдарымды тарбиялоого жана өлкөмдү өнүктүрүүгө жумшасам дейм. Өзгөчө аял кишилердин билим алуусун колдойм. Анткени алар келечек муунга тарбия беришет. Дени сак өлкөнү курушат.

Элнура айым белгилегендей, дени сак коомду курууда мыкты дарыгерлер да керек. Кийинки маектешибиз Кудайберди Калибеков Москвадагы Орусиянын Элдер достугу университетинде онкология багытында билим алууда. Учурда Жалпы хирургияда ординатуранын 2-курсун улантып жатат. Ал 1997-жылдын 24-мартында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу, Жылкелди айылында төрөлгөн.

- Москвада жарандарга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр кандай экен?

- Москва чоң мүмкүнчүлүктөрдүн шаары, дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттер бар. Башында көнүү бир аз оор болду, бирок жаңы достор, жаңы чөйрө менен бул жер мага чоң мектеп болуп калды. Азыркы таасирим - билим алып эле тим болбостон, жашоого болгон көз карашым да өзгөрүп жатат. Медицинада ар бир багыт өзгөчө маанилүү, мен болсо онкология боюнча билим алып, тажрыйба топтоп жатам.

- Окуудагы шарттар, билим берүүдөгү өзгөчөлүк, андагы талаптар кандай?

- Москвадагы билим берүү системасы өтө талапчыл. Ар бир студент өз алдынча изденип, илимий иштер менен алектенүүгө, практикага активдүү катышууга тийиш. Университет клиникаларында заманбап шарттар түзүлгөн, бул болсо студенттер үчүн чоң артыкчылык. Кыргызстанга салыштырмалуу теория менен практиканын айкалышына көбүрөөк көңүл бурулат. Балалыгымдагы кыялымды ишке ашырууга бул окуу жайдын эмгеги чоң.

- Кесибиңиздин арты менен келечекте Кыргызстанга кандай жардам бере аласыз?

- Максатым - чет өлкөдөн алган билимимди жана тажрыйбамды Кыргызстанда колдонуу. Онкология тармагындагы жаңы ыкмаларды киргизип, элге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылам. Ошондой эле жаш адистер менен тажрыйба бөлүшүп, медицинабыздын деңгээлин көтөрүүгө салым кошсом дейм.

- Сиз сыяктуу Москвага билим алууга барам деген жаштарга кеңешиңиз.

Жаштарга айтарым: максат так болсун. Чет жерде окуу оңой эмес. Тил билбөө тоскоолдугу да, көнүү кыйынчылыгы да болот. Бирок чыдамкайлык менен аракет кылган адам сөзсүз ийгиликке жетет. Эң башкысы - алган билимибизди мекен үчүн колдонуу. Ал үчүн Москва ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Маектештерибизге ыраазычылык билдиребиз!

Кыргызстандын Тыкшы иштер министрлигинин 2025-жылдын январь айындагы маалыматы боюнча, жалпы 20 042 кыргызстандык чет өлкөлөрдө жогорку билим алууда.

Орусияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин саны жалпы чет өлкөлөрдөгү студенттердин дээрлик жарымын түзөт. Бул өзгөчө Орусиянын билим берүү системасынын кыргызстандык жаштар үчүн жеткиликтүүлүгү, сапаты жана эки өлкөнүн достук мамилеси менен байланыштуу экендигин саясий серепчилер белгилеп келишет.

Жыл

Кыргызстандык студенттердин саны

Орусия бөлүп берген квоталар

2022‑2023

8500

500

2023‑2024

8600

700

2024‑2025

8811

700

2025-2026

12481

700

Орусияда билим алып жаткан кыргызстандыктардын саны 2020-жылы 7400 болгон, ал ортодо пандемия өзүнүн залакасын тийгизип бул сандар ошол жылдары бир аз азайганы менен акыркы убактарда өсүү темпи бар. Жылда Бишкек шаарында Орусиянын жогорку окуу жайларынын жарманкеси өтүп, кыргызстандыктардын окууга тапшыруу ыкласы активдүү болуп келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: