super.kg logo

Түндүк Кореянын лидери Ким: "Орусия менен болгон альянс мындан ары да бекемделип, өнүгө берет"

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап жолдогон катында эки өлкөнүн ортосундагы альянс күчөп, өнүгө берерин билдирди.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Ким эки өлкөнүн ортосундагы альянс күчөп улана берерин белгилеп, Пхеньян менен Москванын "ар дайым бирге турарын" айтты. Ал Путиндин аркасы менен Орусия "дүйнөлүк тартиптин" калыптанышында алдыңкы ролду ойноп жатканын белгиледи.

Орусиянын президенти Путин 2024-жылдын июнь айында Түндүк Кореяга расмий сапар менен барып, тараптар ортосунда "ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине" кол коюлуп, 2024-жылдын декабрь айында күчүнө кирген. Путин менен Ким сентябрь айында Кытайда жолугушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: