super.kg logo

Ош мэриясы Каракол шаарынын мэриясына унаа белек кылды

 
Ош шаарына тажрыйба алмашуу максатында келген Каракол шаарынын мэриясынын делегациясына калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев белек катары 2025-жылы чыгарылган жаңы үлгүдөгү электромобиль унаасын белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаанын ачкычы делегацияны жетектеп келген Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиевге тапшырылды.
Караколдон келген коноктор белек күтүүсүз болгонун билдирип, Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылык айтышып, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүн Караколго чакырышты.
Келген топ алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий объекттерге барышат. Ош жана Каракол шаарлары 2013-жылдан тарта боордоштук шаар катары кызматташып келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: