super.kg logo

Тарых, уникалдуу өзгөчөлүк, кызыктуу фактылар. Орусиядагы Топ-10 туристтик жай 

 

Кең дүйнөнүн бир бурчунда, Европаны Азия менен байланыштырып турган, тарыхы терең, маданияты бай жана табияты кооз өлкө бар — албетте, бул Орусия. Эски падышалык сарайлар, көк асманды тиреген чиркөөлөр, мөңгүлүү тоолор жана терең көлдөр. Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын бул жолку чыгарылышын Орусиядагы топ-10 туристтик жайларына арнайбыз.

ТОП-1. Тарыхтын деми сезилген аянт. Москва шаары

Москва шаарынын жүрөгү болгон Кызыл Аянт — бул жөн гана борбордук бөлүк эмес, Орусиянын көп кылымдык тарыхын, маданиятын жана саясий күчүн өзүнө камтыган керемет жай. Кызыл Аянттын тарыхы XV кылымдан башталат. Ушул жерде Орусиянын улуу падышалары таажы кийгизген, элдик майрамдар жана кооптуу жазалоолор өткөн. Бүгүнкү күндө бул жай дүйнөлүк ЮНЕСКО мурастар тизмесине кирип, миллиондогон туристтерди өзүнө тартууда.

Туристтер үчүн кеңеш: Бул жайга барганда ГУМ соода борборуна, Василий Блаженный чиркөөсүнө жана Лениндин мавзолейине кирип көрүүнү унутпаңыз. Ошондой эле ГУМ соода борборундагы балмуздактын даамы таңдайыңызда калары анык.

Москвада түрдүү тарыхый жайлар бар, асман тиреген көп кабаттуу үйлөрү менен белгилүү “Москва сити” жайгашкан. Мындан тышкары Москва дарыясынын жээги, андагы кемелер өзүнчө ырахатты тартуулайт.

ТОП-2. Санкт-ПетербургЭрмитаж, тарых, искусство жана падышалык даңк жуурулушкан дүйнө

Санкт-Петербург - түндүктөгү ак түндөр шаары. Шаар 1703-жылы Пётр I тарабынан негизделген.

Туристтер көрүүчү жайлар:

- Эрмитаж музейи - дүйнөдөгү эң ири жана эң белгилүү көркөм музейлердин бири. 3 миллиондон ашуун экспонат сакталган. Катардагы турист эмес, чыныгы эстетика сүйүүчүгө ылайыктуу жай. Микеланджело, Рембрандт, Леонардо да Винчи, Рафаэль сыяктуу генийлердин эмгектери сакталып турат.

- Кышкы сарай - императорлордун мурунку резиденциясы.

- Исаакиев собору - ал жакка чыгып Санкт-Петербургга көз чаптыруу унутулгус мүнөттөрдү тартуулайт.

- Кечки Невадагы кеме саякаты.

- Петергоф - фонтан комплекстери, падышалык бакчалар жана архитектуралык шедеврлер жайгашкан. Шаардан 1 саат алыстыкта орун алган, бирок сөзсүз барууга тийиш жай.

- Ак түндөр — Петербургдун жомогу.

Пайдалуу кеңештер:

  • Эрмитажды толук кыдырууну каалагандар 2 же 3 күн убакыт бөлүшкөнү оң.
  • Жай мезгилинде жана жума күндөрү туристтер көп болот, андыктан билетти алдын ала интернеттен сатып алуу сунушталат. Студенттерге жана балдарга жеңилдиктер каралган.
  • Дүйшөмбү күнү музей жабык.
  • Аудиогид же экскурсовод менен барсаңыз, эмгектердин тарыхын жана маңызын толук түшүнөсүз.

ТОП-3. Байкал көлү - тереңдикке кумар арткан тынч дүйнө

Кээ бир табигый кереметтер адамдын жан дүйнөсүнө түз таасир этип, көңүл тереңинде кайсы бир күчтүү сезимди ойготот. Байкал көлү дал ошондой — сырдуу, тынч, бирок чексиз руханий тереңдикке ээ. Ал жай Сибирдин түштүгүндө, Иркутск облусу менен Бурятия республикасынын ортосунда жайгашкан. Анын эң терең жери деңиз деңгээлинен 1642 метр ылдый жайгашкан. Ал бир эле учурда Жер шарындагы жаңы таза суу запасынын 20 пайызын өзүнө камтыйт.

Байкал биологиялык жактан уникалдуу экосистема. Бул жерде 1700дөн ашуун жаныбар жана өсүмдүк түрү жашайт, алардын көпчүлүгү башка жерде кездешпейт. Нерпа тюлени ушул аймакка гана мүнөздүү жаныбар. Айланадагы тайгалар, мөңгүлүү тоолор жана дарыялар бул көлгө кереметтүү фон берип турат. Жазында жана жайында тоо арасынан суу куюлуп түшкөндө, көл айланасы ак-кара сүрөттөгү жомок сыяктуу көрүнөт.

Саякатчылар үчүн таасирдүү тажрыйба:

- Горячинск, Листвянка, Ольхон аралы сыяктуу жерлерге баруу керек. Ал жер байыркы бурят маданиятын жана табигый жомокторду таанууга көмөкчү;

- Кышында Байкал муз аянтчасына айланат. Көлдүн муздары кээде 1 метрден ашык калыңдыкка жетет;

- Жайында кеме же кайык менен саякаттоо, балык уулоо же көл жээгинде эс алуу.

- Темир жол көлдүн жээги менен өтүп, кооздукту көрүүгө шарт түзөт.

ТОП-4. Транссибирь темир жолу - убакыт менен мейкиндикти бириктирген жол

Тасмадай созулуп жаткан рельстер, кыйырына көз жетпеген талаалар, токойлор жана көлдөр. Поезддин терезесинен дүйнө бир башкача көрүнөт. Транссибирь темир жолу Москвадан Владивостокко чейин созулган, дүйнөдөгү эң узун темир жол магистралы. Анын жалпы узундугу 9289 чакырым. Жол Урал тоолорун, Сибирди, Байкал көлүн, Амур өрөөнүн жана башка укмуштуудай жаратылыш аймактарын бойлоп өтөт.

Бул темир жол 1891-жылы курула баштаган жана дээрлик 25 жыл ичинде бүткөрүлгөн. Курулуш учурунда миңдеген жумушчулар, аскерлер жана ыктыярчылар эмгек кылган. Саякат узактыгы 6-7 күнгө чейин созулат, өзгөчө туристтик мезгилде билетти алдын ала алуу сунушталат.

ТОП-5. Алтын Боо — байыркы Орусиянын жүрөгү согуп турган аймак

Эгер сиз Орусиянын жан дүйнөсүн түшүнгүңүз келсе, анда “Алтын Боо” деп аталган байыркы шаарларга саякаттаңыз.

- Владимир - XII кылымда Орусиянын башкы шаары болгон. Бул жерде алтын куполдуу чиркөөлөр, байыркы дарбазалар жана падышалык архитектура сакталган Белгилүү жайы: Успенский собору, Алтын дарбаза (Золотые ворота).

- Суздаль - бул шаар чоң мегаполис эмес, ар бир көчөсүндө чиркөө, ар бир ташында тарых. Белгилүү жайы: Суздаль Кремли, жыгач архитектура музейи.

- Сергиев Посад - Орусиянын православ дининде өзгөчө ролду ойногон руханий борбор. Белгилүү жайы: Троице-Сергиева Лавра — ЮНЕСКО тизмесине кирген.

- Ярославль - Волга дарыясынын жээгиндеги кооз шаар. Байыркы архитектура жана заманбап жашоо айкалышкан жай. Белгилүү жайы: Илья пайгамбар чиркөөсү, Спасо-Преображенский монастыры.

ТОП-6. Кижи аралы — жыгачтан жаралган руханий симфония

Кээ бир архитектуралык мурастар таш менен тургузулат, айрымдары бетон менен, бирок Кижи аралынын кереметтери жыгач менен жасалган. Онега көлүнүн төрүндө бир дагы мык кагылбаган чиркөөлөр асманды тиреп турат. Арал түндүк Орусиянын Карелия республикасында жайгашкан. Бул аймак Европадагы эң таза экологиялык зоналардын бири болуп саналат.

Аймакка Петрозаводск шаарынан кайык менен 1,5-2 саатта жетүүгө болот. Экскурсиялар жана аудиогиддер жеткиликтүү.

ТОП-7. Казань - эки дүйнөнүн кучагындагы маданий шаар

Казань - тарыхтын жүрүшүндө мусулман түрк маданияты менен славян дүйнөсү бири-бирине айкалышып жана биргелешип жашоонун үлгүсүн түзгөн өзгөчө шаар. Ал аймак 1000 жылдан ашык тарыхы бар, Татарстандын борбору.

Казань шаарынын жүрөгү - Казань Кремли. Бул ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген архитектуралык комплекс. Ал жерде эки дүйнө өз ара айкалышып турат:

- “Кул Шариф” мечити - Орусиядагы мусулмандардын эң ири сыйынуучу жайы. Күмбөздөрү асманга сунулган бул мечит Казандын руханий символу катары саналат.

- Благовещенск собору - Казандагы эң байыркы православ чиркөөлөрүнүн бири.

Казанды Орусиянын үчүнчү борбору” деп аташат жана бул жөн жерден эмес.

Алардын кээ бир улуттук тамактарынын аталышы жана жасалышы кыргыз ашканасына окшоп кетет.

ТОП-8. Камчатка - от менен муз айкалышкан эпикалык аймак

Адамзаттын цивилизациясынан алыстап, табияттын чыныгы үнүн угуп, асман менен жердин түндөгү ар бир жаңырыгын жүрөгүң менен сезгиң келсе анда Камчаткага сапар тарт. Камчатка Орусиянын эң чыгышында, Тынч океандын боюнда жайгашкан ири жарым арал. Ал Япониядан да алыс, Москвадан 9 сааттык учуу менен жетүүчү бир сырдуу дүйнө.

Бул жерде калк жокко эсе. Жаратылыш менен жалгыздыкты сүйгөндөр үчүн асыл жай. Ал жакта жалпы 300дөн ашык жанар тоо болсо, алардын ичинен 29у активдүү.

Камчатканы жапайы жаратылыштын театры деп койсо да болот. Анткени коңур аюулар эркин басып, кызыл балыктын түрлөрү (лосось) дарыялардан агып келет. Бүркүттөрү жана башка жапайы канаттуулары бийик тоолордун үстүндө учат. Бул табигый аймакта жаныбарлар корголуп, адам менен жаратылыш бири-бирин урматтаган шартта жашайт.

Гейзерлер өрөөнү - бул жер Камчатканын визиттик картасы. Дүйнө жүзүндө мындай кайнаган булактар өрөөнү болгону төртөө, ал эми Евразияда бирөө гана жана ал ушул жерде.

Кызыктуу факт: өрөөнгө тик учак менен гана жетүүгө болот, бул аны табияттын өзүн сактап калуу максатында корголгон жерге айлантат.

Туристтер үчүн треккинг жана альпинизм, тик учак менен экскурсиялар, балык уулоо, жапайы жаныбарлар дүйнөсү менен жолугуу, табигый ысык булактарда жуунуу сунушталат.

ТОП-9. Сочи - деңиз жана кышкы спорт

Сочи Кара деңиз менен Кавказ тоолорунун ортосунда жайгашкан уникалдуу шаар. Ал дээрлик 1,5 миң чакырымга созулган жээк тилкесине ээ жана субтропикалык климатта орун алган.

Жайында деңиз суусуна түшүп, пальма дарактарынын көлөкөсүндө эс алууга болот. Кышкысын Красная Поляна тоо кыркаларында кышкы спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгү кеңири.

Сочи улуттук паркы 190 миң гектар аянттагы корук зона. Көлдөр, шаркыратмалар, үңкүрлөр жана жапайы жаратылышы бар.

ТОП-10. Алтай — табияттын тирүү керемети

Алтай Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан, Орусиянын эң укмуштуу жана сырдуу аймактарынын бири.

  • Белуха тоосу - Алтайдын жана Батыш Сибирдин эң бийик чокусу (4 506 метр).
  • Телецкое көлү - “Алтайдын жүрөгү” деп аталган терең жана тунук көл.
  • Катун жана Бия дарыялары - рафтинг жана жаратылыш туризми үчүн идеалдуу жерлер.
  • Көгүлтүр көл (Голубое озеро) - көл түбүндөгү гейзерлер ар кандай формадагы жылчык калтырып, сууну “жандуу сүрөт” сымал кылат.

Алтайда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар (ак илбирс, марал, бүркүт) жана эндемикалык өсүмдүктөр бар. Алтай – ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ал жактан скиф доорундагы байыркы күбөздөрдү, миңдеген жыл мурун тартылган таш сүрөттөрдү, түрк доорунун эстеликтерди жана ыйык жерлерди кезиктирүүгө болот.

Эгер сиз табият менен жуурулушууну, тынчтыкты, чыныгы кооздукту издесеңиз Алтай сизди күтүп турат. Бирок ошол эле учурда жоопкерчиликтүү, даярдык көргөн жана сыймыктуу саякатчы болуу маанилүү.

  • Жай жана кыш мезгилдерин тандап алыңыз, күзү да өзгөчө.
  • Алдын ала жата турган жайды брондоп, жылуу кийим алууну унутпаңыз. Ал жактын аба ырайы бат-баттан өзгөрүп турат.
  • Марал эти, кайың ширеси, балыктар, таза бал жана жапайы мөмөлөр — Алтайдын өзгөчө даамдары.

Кыргызстан жарандары Орусияга көп кирген алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Быйыл жыл башынан бери ал өлкөгө баргандардын саны 500 миңге жакын.

Алардын ичинен:

- 346 миң киши — иштөө үчүн баргандар;

- 88 миң киши — жеке сапар менен киргендер.

Орусия бул бир эле мамлекет эмес, бул дүйнөнүн ичиндеги өзүнчө аалам. Анын кең талаалары, тарыхый шаарлары, кооз жаратылышы жана көп улуттуу маданияты ар бир туристке өзүнө ылайык тажрыйба тартуулайт. Туризм бул өлкөнү сырты менен гана эмес, ичинен түшүнүүнүн жолу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: