Грузиянын премьер-министри төрт жылда бешинчи жолу революция кылууга аракет болгонун айтты
Оппозиция Грузияда акыркы төрт жыл ичинде бешинчи жолу революция уюштурууга аракет кылганын өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Биз алтынчы же жетинчи аракеттерди күтүп отура албайбыз. Ким гана болбосун зомбулукка катышканбы, президенттик резиденцияны басып киргенби, бардыгы мыйзам алдында жооп беришет", — деди Кобахидзе.
Ошондой эле ал укук коргоо органдары шайлоо күнү чыккан башаламандыкка тиешеси барларды аныктоо боюнча операция жүргүзүп жатканын кошумчалады.
4-октябрда Тбилисиде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо күнү нааразылык акциялары болуп өттү. Бир нече митингчи Грузия президенти Михаил Кавелашвилинин резиденциясынын аймагына кирип кеткен.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бийликти кулатууга аракеттенген деп шектелген 15 адам аныкталып, алардын ичинен 13ү кармалган.

