super.kg logo

Парижде кызматтан кеткен премьер-министрдин резиденциясына жакын жерде жарылуу болду

 

Бүгүн, 7-октябрда Франциянын борбору Париждин чок ортосунда, өлкөнүн премьер-министринин резиденциясы Матиньон сарайына бир нече метр аралыкта жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Le Parisien гезити жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттөн кийин жарылуу үнү угулган.

"Матиньон сарайына жакын жерде жүк ташуучу унаа күйө баштаган. Унаанын ичинде газ баллондору болгон, бул болсо кооптонууга негиз берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Париждин өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, өрт бат эле өчүрүлгөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жарылуу үнү газ баллондордон эмес, ичке аэрозоль баллондордон чыккан.

Бул окуя Франциянын премьер-министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Себастьен Лекорнюнун кесиптештери менен жолугушуусу өтүп жаткан маалда болгон.

Эске сала кетсек кечээ, 6-октябрда Лекорню кызматтан кеткенин жарыялаган, ал эми премьер-министрлик кызматта болгону бир айдай гана турган. Анын кызматтан кетишине Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө карата кескин сын-пикирлер, өзгөчө оңчул партиялар тараптан болгон нааразычылыктар себеп болгону айтылган.






Парижде кызматтан кеткен премьер-министрдин резиденциясына жакын жерде жарылуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: