super.kg logo

Бишкекте №60 "Баластан" бала бакчасынын жаңыланган имараты колдонууга берилди

 

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №60 "Баластан" бала бакчасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышына катышты.

Басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчы өз сөзүндө балдар бакчасынын кызматкерлерин жана тургундарды бул кубанычтуу саамалык менен куттуктады.

"Биз акыркы эки жылдын ичинде жалпысынан 20 бала бакчаны курдук, анын ичинен 12 бала бакчаны конуштарга салдык. Биздин максат – борбордо да, конуштарда да бирдей шарттарды түзүү", - деди мэр.

Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкташкан, жылма керебеттер менен 280 бала тарбияланат. Жалпы аянты 1363 чарчы метр, ал эми аймагы 0,4 гектарды түзөт. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө имараттар толугу менен жаңыланып, мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Балдар бакчада медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, чарбалык бөлмөлөр, актовый зал, оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр каралган. Айланасы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды жана ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары уюштурулду.

Белгилей кетсек, имарат 1982-жылы курулган жана совет мезгилинде дыйканчылык институтунун лабораториясы катары колдонулган. Институт жоюлгандан кийин объект узак убакыт бою кароосуз калган. 2024-жылдын 1-ноябрында имарат расмий түрдө №60 бала бакчасы болуп бекитилип, толук оңдоодон өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: