Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуя. Шектүү кармалды
Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы 2 жарандын өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирүүдө.
Шектүү 2006 жылы туулгандыгы жана каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы болбогондугу маалыматтарда кошумчаланууда.
Ички иштер министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган.
Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалды. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.

