super.kg logo

Фрунзе көчөсүнө төшөлгөн асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды (фото)

 
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүнүн Гоголь көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө башкы подрядчы "Кайнар" жабык акционердик коомуна асфальттын катмарларындагы кемчиликтер боюнча кошумча төшөө зарылдыгы тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мекемеден билдиришкендей, учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча башкы подрядчы тарабынан иштер жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: