Эквадордо белгисиз адамдар тарабынан президенттин кортежине кол салуу болду
Белгисиз адамдар Эквадор президентинин кортежине кол салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя Эквадордун борбордук бөлүгүндөгү Каньяр провинциясында болду. Президент Даниэль Нобоа тазалоочу курулмаларды ачуу аземине бараткан учурда кол салуу болгон.
Кортежди нааразычылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдар курчап, таш ыргытышкан. Ошондой эле курал колдонушканы болжолдонууда.
"500гө жакын адам чогулуп, таш ыргытышкан. Президенттин унаасында ок тийген тактар да бар", — деди айлана-чөйрө министри Инес Мансано.
Анын айтымында, беш адам кармалган, президент өзү жаракат алган эмес. Бийлик кармалгандар терроризм жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча жоопко тартыларын билдирди.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, Эквадордо дизель майынын кымбатташына каршы массалык нааразычылыктар өтүп жатат. Бул акциялар кагылышуулар менен коштолууда.
