super.kg logo
  Саясат  

Жапаровдун ТМУ саммитине катышуусу аяктап, Бишкекке учуп келди (фото)

 
Кечээ, 7-октябрда, президент Садыр Жапаровдун Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-саммитине катышуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, өлкө башчы өз сөзүндө Кыргызстан бир жыл мурда ТМУга төрагалык кылуу боюнча ардактуу миссияны өзүнө алганын жана экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча Жол картасын даярдаганын эске салды.
Ал санариптик документтерди укуктук таанууну камсыз кыла турган электрондук санарип кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишүү боюнча кыргыз тараптын демилгесин баса белгиледи.
Габала саммитинин жыйынтыгында Кыргызстан ТМУдагы төрагалыгын расмий түрдө аяктап, эстафетаны Азербайжанга өткөрүп берди.
Андан ары мамлекет башчылары бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.
Муну менен катар Садыр Жапаров Түркмөнстан Физули шаарында кура турган мечиттин пайдубалын түптөө онлайн-аземине катышты.
Жапаров Габала шаарындагы ТМУнун кезектеги саммитине катышуусун аяктаган соң, 7-октябрда Бишкек шаарына учуп келди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: