Трамп: "Украинадагы согушту токтотуу Жакынкы Чыгыштагыдай оңой болбойт"
Канаданын премьер-министри Марк Карни менен жолугушууда Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы тынчтык келишими жакын арада кабыл алынышы мүмкүн экенин, бирок Украинадагы согушту токтотуу тууралуу мындай деп айтуу кыйын экенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен бул маселе оңой чечилет деп ойлочумун. Мен Путин менен жакшы мамиледе элем жана бул маселени жөнгө салууга болот деп эсептечүмүн. Бирок, анын мага болгон үмүтү бузулду, анткени мен муну жеңил чечилет деп ойлогом. Бирок чынында Жакынкы Чыгыштан да кыйын экенин түшүндүм",- деди Трамп.
Эске салсак, Трамп Ак үйгө президент болуп шайланган учурда 24 саатта Украиндагы согушту токтотууну убада кылган. Бирок кийинчерээк ал тынчтык келишимине жетүү оңой болбосун бир нече жолу айткан.
