super.kg logo

Кадыровдун уулу Чеченстанда өзүнүн атындагы спорт комплексин ачты

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адам Кадыров өзүнүн атындагы заманбап Dustum спорт комплексин ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Майрамдык аземдин видеолорун Надтерек районунун администрациясынын башчысы Хамзат Хасанов өзүнүн Телеграм каналында жарыялады. Маалым болгондой, Dustum - Адам Кадыровдун лакап аты болуп саналат. Ал "дос" деген маанини билдирет.

Хасанов белгилегендей, комплекс зманбап техникалар менен жабдылган. Бул жерде ар кандай күрөш түрлөрү боюнча машыгуу өткөрүлөт. Ошондой эле функционалдык жана күч машыгуу секциялары каралган.

Спорт комплекстин негиздөөчүсү жана демилгечиси UFC чемпиону Хамзат Чимаев экени айтылды.

"Бул спорт комплексин ачуу өспүрүмдөргө туура багыт берет, өз потенциалын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт",- деп баса белгиледи Хасанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: