Германиянын Хердекке шаарынын мэрине кол салуу болду



Германиянын Хердекке шаарынын жаңы шайланган мэри Ирис Штальцерге кол салуу болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Жарадар болгон Штальцерди 15 жаштагы уулу батиринен тапкан. Уулу апасы ага көчөдө бир нече киши кол салганын айтканын билдирген. Ичинен жана далысынан бир нече жаракат алгандан кийин ал батирине жеткенге үлгүргөн. Мэрге 13 жолу бычак сайылган.
Мэр ооруканага жеткирилди, абалы оор экени айтылууда.
Полиция кол салууга шектелгендерди издөөнү баштады. Кол салуунун саясий мотиви бар-жогу азырынча ачыктала элек.
Айрым чет элдик басылмалар Штальцердин багып алган балдары, 15 жаштагы уулу жана 17 жаштагы кызы кармалганын жазышууда. Кабарларга караганда, буга чейин полиция үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу билдирүүлөргө жооп катары Шталцердин батирине бир нече жолу барган.
Штальцер 28-сентябрдагы шайлоонун экинчи айлампасында Хердекке шаарынын мэри болуп шайланган.
