super.kg logo
  Спорт  

Магомед Мусаев Азия күрөш федерациясынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

 

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын мурдагы мүчөсү Магомед Мусаев Азия күрөш федерациясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды.

Азиянын Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Мохаммед Аль-Авамлех жаңы кеңешчиси Магомед Мусаевди куттуктап, анын Азияда көптөгөн сыйлыктарды жеңип көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкенин, азыркы учурда эл аралык машыктыруучу экенин белгиледи. Ал ошондой эле UWW Asia Магомед Мусаевдин командасына кошулганына кубанычта экенин кошумчалады.

Мусаев 2011-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандын улуттук курамасында күрөшкөн. Бул убакыт ичинде ал чоң ийгиликтерге жетишкен. Мисалы, 2011-жылы Азия чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, 7-орунду алган.

2014-жылы спортчу Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарынын күмүш медалын жеңип алса, 2018-жылы Индонезияда ошол эле ийгиликти кайталаган. Ошондой эле 2016-жылы Рио-де-Жанейрода өткөн Олимпиадада 9-орунду ээлеген.

Магомед Мусаев Азия оюндарындагы ийгиликтери үчүн "Данк" медалы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: