"Өзү эмне кылды эле?" Бишкектин мэри Царикаевди жемелеген депутатты сынга алды (видео)
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) жемелеген шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешовду сынга алды.
"Эргешов өзү 3 чакырылыштын депутаты, ал шаар үчүн эмне кылды эле? Муниципалдык инспекция Таалайбеков жетектеп баштаган 3 айда бир нече көзгө көрүнүктүү иштерди жасады. Мына, Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларында кандай баш аламан соода эле? 30 жыл тартипке келбеген жерлер азыр кандай болуп калды? Азыр ал жактар таптаза",- деди мэр "Биринчи радиого" берген маегинде.
Айта кетсек, кечээ, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду бир катар депутаттар сынга алышкан. Алардын арасында Казыбек Эргешов да болду.
Мирлан Таалайбеков Милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө Эргешов менен кайым айтышканы белгилүү. Окуя былтыр жай айында болгон. Анда депутат унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулган.
Ал жол инспектору токтотор замат депутаттык күбөлүгүн көрсөткөн. Ага Таалайбеков мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салып, протокол түзгөн. Нааразы болгон Эргешов аны “адам эмессиң” деп тилдеп, пиар менен алектенбөөгө чакырган.
"Эмне кылды эле?" Бишкектин мэри Царикаевди жемелеген депутатты сынга алды



1 |