super.kg logo

Казакстанда Павел Дуровдун көлгө түшүүсүнөн кийин иликтөө башталды (видео)

 

Казакстандагы "Көлсай көлдөрү" улуттук паркы Telegram мессенжерин негиздеген миллиардер Павел Дуровдун Көлсай көлдөрүндө мыйзамсыз түшүүсү боюнча иликтөө баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, улуттук парк эрежелерди бузууга жол берген кызматкерлерге чара көрөт.

Буга чейин Дуров өзүнүн Telegram каналына сууга түшүп жаткан видеосун жарыялаган.

Улуттук парк кийинчерээк Көлсай көлдөрүндө сүзүүгө катуу тыюу салынганын, бул административдик укук бузуу экенин белгилеген. Ошондой эле парк жетекчилиги кызматтык иликтөө баштаганын билдирген.

"Жергиликтүү бөлүктү көзөмөлдөй албаган жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик чаралар көрүлөт",- деп айтылды парктын билдирүүсүндө. Бирок Дуровго карата айып пул маселеси тууралуу сөз болгон эмес.

Эске салсак, өткөн аптада Дуров Казакстанга барган. Анын айыл балдары үчүн уюштурулган IQanat High School аттуу мектепти каржылык жактан колдой турганы айтылган. Кийин Digital Bridge форумунда Дуров Telegram компаниясы Казакстанда жасалма интеллект лабораториясын ачарын да билдирген.






Казакстанда Павел Дуровдун көлдө түшүүсүнөн кийин иликтөө башталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: