Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуя: Феликс Кулов шектүүнүн кантип кармалганын айтты
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтты. Окуя боюнча Кулов ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазды.
"Жаңы эле Ак-Ордо конушундагы адам өлтүрүүгө шектелген адамдын кармалганын окудум.
Бул окуя чоң коомдук талкуу жараткандыктан, кылмышты ачуу канчалык маанилүү экенин айтуу үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековго жазууну туура көрдүм.
Түн ортосунда министр өзү мага чалып калды. Мен алгач шектүүнү кантип кармаганын сурадым.
Ал кылмыштын иликтөөсүн жеке өзү жетектегенин айтты. Министрдин айтымында, “Коопсуз өлкө” системинде колдонулган атайын оперативдик-техникалык каражаттар чечүүчү роль ойногон. Шектүү Ысык-Көл облусунан баштап Бишкекке чейин сырттан көзөмөл үстүндө болгон. Кармалган учурда ал эки адамды өлтүргөнүн толук мойнуна алган.
Мен министрден эмнеге уктабай жатканын сурадым. Министр бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө экенин айтты. Ошол кезде мамлекет башчысы Бакудан учуп келе жаткан болчу. Президент министрге телефон аркылуу жыйынтыктар жөнүндө маалымдоо үчүн даяр болууну тапшырган",- деп жазды мурдагы өкмөт башчы.
Эске салсак, кечээ, 7-октябрда Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы 2 жарандын өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер милиция тарабынан кармалганы айтылган. Шектүүнүн 2006-жылы туулгандыгы жана каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы болбогондугу маалымдалган. Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган.
Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалды. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.

