super.kg logo

Берлинде полиция Палестинага колдоо көрсөткөндөргө катуу чара көрдү

 

Берлинде Израилдин Газадагы геноцидин айыптоо үчүн Александр аянтында пландалган митингге полиция тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тыюуга карабастан, көп сандаган адамдар аталган аянтка келишти, бирок полиция демонстранттарды кайтарып жиберди. Кийинчерээк жүздөгөн демонстранттар Нептунбруннен аянтына чогулуп акция өткөрүштү. Демонстранттар "Колуңарда кан бар" деген плакаттарды көтөрүп, Израилге каршы ураандарды чакырышты.

Полиция уруксатсыз митинг өткөрүлүп жатканын жүйө кылып, демонстранттарга аянттан кетүүгө эскертүү берди. Демонстранттар аянттан кетпей койгондон кийин, полиция жүздөгөн демонстранттарды курчоого алып, алардын ким экендигин аныктоо үчүн кармалганын жарыялады. Полиция демонстранттарды кармоо учурунда катуу күч колдонду.

Берлин полициясынын X социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Нептунбруннен аянтынын айланасынан кетпеген демонстранттардын Чогулуш мыйзамын бузгандыгы айтылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: