super.kg logo

Жеки Чандын жаңы тасмасы Казакстанда тартылат

 

Легендарлуу актёр Жеки Чан "Кудайдын калканы: Ультиматум" франшизасынын төртүнчү бөлүмү менен чоң экрандарга кайтып келет. Бул тасма Казакстанда тартылат.

Маалым болгондой, Жеки Чан бул долбоорду Salem Entertainment компаниясы менен биргеликте даярдап жатат. Компания локацияларды тандаганын расмий түрдө ырастады.

"Биз Жеки Чандын Алматыга келүүсүнүн деталдарын расмий жарыялайбыз. "Кудайдын калканы: Ультиматум" фильминин төртүнчү бөлүмү Казакстанда тартылат",- деп билдиришти компаниядан.

Эске салсак, 23-сентябрда Казакстандын Алматы аэропортунан дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чан байкалган. 71 жаштагы киножылдыздын учактан түшүп жатканы видеого тартылып, бул социалдык тармактарга тез эле тарап кеткен. Көп өтпөй Жеки Чандын Казакстанда өзүнүн жаңы долбоорун баштоо үчүн келгени, ал тургай алдыда тартыла турган тасма үчүн тиешелүү жерлер да тандалып калганы айтылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: