super.kg logo
  Саясат  

Суу сактагычтарда балык уулоого убактылуу тыюу салынды

 

Өлкөдөгү айрым суу сактагычтарда балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарындагы балыктардын бардык түрлөрүн уулоого жана ташып чыгууга төмөнкү учурлардан тышкары, үч жылдык мөөнөткө мораторий жарыяланды.

  • садоктук балык өстүрүүнү жүзөгө ашыруу;
  • ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
  • балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдык пландык иштерди жүргүзүү;
  • илимий изилдөө иш-чараларын жана балык популяциясынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

Документ балык запастарын сактоо, көбөйтүү, балык чарба көлмөлөрүндө балыктардын жашоо чөйрөсүн жана көбөйүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: