super.kg logo

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Ушуларды айтты да Акбар бөлмөдөн чыгып кетти. Мариям болсо отурган жеринде көз жашын төгүп кала берди. Акбар өзү да байкабай оор сөздөрдү айтты. Чындыгында эчен жыл мурун экөө тең унутуп койгон, унуткулары келген чындыкты эске салды. Мариям аргасыз жаштыгынын ошол күндөрүн эстей берди. Мариям да бир айылдын “мен сулуумун” деген кыздарынын бири болчу. Акбардын өзүнөн эки жаш улуу Аман деген агасы боло турган. Мариям ошол Амандын сүйлөшкөн кызы болчу. Бирок капысынан ал жол кырсыгынан каза болуп калат. Мына, жакында болот деп турган үйлөнүү той токтоду. Тойдун ордуна аза күтүлүп, кудалашкан тараптын кызы Мариям эки ортодо калды. Убакыттын өтүшү менен Мариямдын ата-энеси кызын ойлошту. Өлгөндүн аркасынан кошо өлмөк жок эмеспи, эзелтеден. Калың төлөнүп, сүйлөшүүлөр бүтүп калганда Амандын каза болуп калганы жаман болду. Ошондуктан Мариямдын ата-энеси жарым жылдан кийин куда боло албай калган кудаларынын алдынан өтүштү. Кызынын бактысын мындан ары тосо албастыгын, ал дагы келечекте өз очогунун ээси болушу керек экенин кыйытты. Төлөнгөн калыңды кайра кайрып берүү керектигин кыйыр сүйлөдү. Ошондо Аман менен Акбардын атасы баары таң кала тургандай чечим чыгарды.

– Куда, уулубуздун каза болушу биз үчүн оор жоготуу болду. “Сыйлашкан куда болобуз” деп турганда ушундай болуп кетти. Мариям кызыбызды жакшы билебиз, колубуздан чыгаргыбыз келбейт. Агасына нике буюрбады, иниси Акбар турат. Балдардын бири-бирине башын кошуп коёлу.

Окуянын мындай болушун күтпөгөн Мариямдын ата-энеси бири-бирин карап тунжурап отуруп калышты. Кадырлуу, сыйлуу деген адамдын чечиминен баш тарта алышмак беле, эмне дээрин билбей калышты.

– Балдар буга эмне дешет болду экен, Асаке? Алардын сөзүн угуп, анан бүтүм чыгарсак жакшы болбойт беле?

– Менин уулдарым да, кыздарым да сөзүмдөн чыкпайт. Эмне десем ошол болот. Эгерде сенин да үй-бүлөңө сөзүң өтө турган болсо, бул иш болот. Болбосо...- деп токтоду Асанбек кабагын чытый.

Бир айтканын эки кылдырбаган өкүм, намыскөй, элде да кадыр-баркы бар адам эле. Мариямдын атасы эмне дээрин билбей аялын карады. Ал да үн ката албай кала берди. Асанбек айтса, демек, кылары ошол. Айылдагылар муну жакшы билишчү. Мариям да бул тууралуу укканда каршы эч нерсе дей албады.

– Кызым, көңүлүң болбосо мага айт, башка нерсе зордук менен болсо да, нике зордук менен болбойт. Акбарга турмушка чыкканга макул болбойм десең, эрк сенде.

– Ата, сиздин бир ооз сөзүңүз. Бир көңүлүм каалаган адам менен турмушум болбой калды. Азыр мен эмне туура, эмне туура эмес, өзүм да билбей турган абалдамын. Сиз макул десеңиз, мен макулмун.

Атасы ыраазы боло башын ийкеди. Ошондой болду. Ата-энелери сүйлөштү, Акбар менен Мариям ага баш ийишти. Ошентип аял-күйөө болуп чоң турмушка бет алышкан эле. Экөөнүн ортосунда “сен сүйөсүңбү, мен сүйөм” дегендей романтика деле болгон жок. Бирок ынтымактуу, бири-бирине төп келген, гармониядагы мыкты жубайлардан болушту. Аман тууралуу бири-бирине да ушуга чейин эч эстетишкен жок, бир гана жолу сүйлөшүшкөн. Бүгүнкү окуяга чейин ал тема ачылган эмес. Мариям турмушка чыккандан кийин анын жашоосунда эч качан Аман болбогондой Акбарды сүйүп калды. Жан отун берип, жашоосун белек кылып, эч нерсе күтпөй да, сурабай да катуу сүйдү. Анын сүйүүсүнөн да ишеними чоң болчу. Бул тууралуу сурап же айтып кереги жок деп ойлочу. Анткени өзүнө жана балдарына болгон камкордугу анын сүйүүсүн айгинелеп турат деп ойлочу эле. Ушунча жылдан кийин мындай болот деп эч күткөн эмес. Бул экөөнүн ортосунда мындай чоң сыр бар экенин көп адамдар билген эмес.

ххх

Акбар оор үшкүрдү. Машинесине отуруп Айкөлгө жөнөдү. Бирок орто жерден машинесинен түшүп, теребелди карап алды. Жүрөгү мынчалык ооруган эмес. Мариямдын абалын элестетип жаман болуп жатты. Өзүнө бир нерсе кылып коёбу деп да чочулап турду. Бирок анын акылдуу жана сабырдуу экенин эстеди. “Андай жаман нерселерге барбайт” деди өзүнө-өзү. Өзү да байкабаган менен Мариямга аябай көнүп калганын сезди. Эки оттун ортосунда калат деген ушул белем. “Оңго бурсаң атың өлөт, солго бурсаң өзүң өлөсүң” деген баягы жомоктогудай абал. Эмнегедир Аманды эстеди. Эркектен экөө эле болчу. Ага-ини аябай жакын эле. Ошол кырсыкка кабыла турган күнү да тагдырын окуп койгонсуп, “мага бир нерсе болсо, Мариямды корго” деп айтканы бар агасынын. Атасы “Мариямга үйлөнөсүң” дегенде да ошол сөз кулагына угулуп тургандай болчу. Тойго үн катпай макул болгон. Анткени агасынын акыркы керээзи “Мариямды корго” эмес беле. Ага баш кошуп коргобосо кандай коргой алат? Мариям ага аял гана эмес, дос, тууган, сырдаш, балдарынын апасы болуп берди. Аттиң, бир гана акыл-эсин жоготуп сүйгөн сезим болбоду. Сүйгөн башка турбайбы, болгондо да акылы токтолуп, сезим курчуп турган 40 жаштан аркы сүйүү күчтүү болот тура. Айкөлдү көргөндөн кийин ашыктыктын даамын сезди. Бирок ушул азыр да “Мариямды корго” деген агасынын сөзү кулагына жаңырып турганын карачы.

ххх

Түн ичинде келди ага Акбар. Көзүнөн эле бир нерсе болгонун сезди. Үн катпай көпкө отурушту. Айкөл ордунан туруп, бөлмөсүнө барып кийим-кечесин жыйнай баштады.

– Эмне кылып жатасың?

– Мен кетейин...

– Кайда кетесиң?

– Билбейм, бирок сизге зыянымды тийгизбей, колдон келишинче алыс жакка кетсем дейм.

– А менчи? Сенсиз кандай кылам? Кантип жашайм?

Айкөл шалдайды. Ошол түн алардын сырдашуу түнү болду. Акбар тээ балалыгын Амандын аманатынан баштап, Мариямга кантип үйлөнгөнүн, кандай жашашканын, кандай сезимдер аны кыйнап жатканын айтып берди. Ыймандай сырын айтып төгүлдү. Аялзатына мындай төгүлүп, чачылып ички дүйнөсүн ачканы ушул. Алтургай ушунча жылдан бери жашаган аялына мынчалык ачылбаган экен. Айкөл угуп жатты, анын жашоосун жакшылап түшүнгөн сайын анын башкача адам экенине таасирленди. Ушуга чейин мындай адам жолуктурбаганын ойлонду.

– Мени таштап кетпе.

– Сизди таштай албайм, эми кааласам да сизди таштай албайм...

Көз жашын аарчып жылмайган Айкөл ага берилүү менен карады.

Уландысын шилтеме аркылуу кирип окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: