super.kg logo

Грета Тунберг Израил тарабынан кыйноого кабылганын билдирди

 

Швециялык активист Грета Тунберг Израил тарабынан өзү жана башка активисттер кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал Стокгольмдо өткөн маалымат жыйынында айтты.

Грета Тунберг кандай кыйноого кабылганын тактаган жок, бирок ага таза суу берилбегенин, ал эми башка активисттерге жашоого зарыл дары-дармектер жеткирилбегенин маалымдады.

Белгилей кетсек, "Сумуд" же "Эркиндик флотилиясынан" турган 40тан ашуун кеме сентябрдын ортосунда Тунис аркылуу Газа секторуна багыт алган. Алардын максаты деңиз блокадасын бузуп, Газага гуманитардык жардам жеткирүү болгон. Бирок Израил бул кемелерди токтотуп, борттогу бардык активисттерди депортациялаган.

4-октябрда The Guardian гезити Грета Тунбергдин швед аткаминери менен болгон кат алышуусуна шилтеме берип, ал шарты жок жатаканада кармалганын жазган.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги 5-октябрда активисттерге карата жасалган ырайымсыз мамиле тууралуу бардык дооматтарды четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: