super.kg logo

Си Цзиньпин менен сүйлөшкөнү жөн эмес беле? Путин өлбөстүктү эңсейт

 

Орусиянын президенти Владимир Путин бийликте мүмкүн болушунча узак калууга умтулат жана өлбөстүктү кыялданат. Бул тууралуу Le Monde басылмасы жазып чыкты.

Француз басылмасы Путиндин жетекчилиги астында карылык боюнча мамлекет тарабынан каржыланган изилдөө долбоорлорунун саны алты эсеге өскөнүн белгилейт.

Бул жылы карылык маселелери боюнча башка изилдөө программалары да каржыланган. Анын ичинде органдын жана ткандардын иштешин, ден соолукту жана жигердүү узак жашоону узак мөөнөткө сактоо үчүн организмдеги клеткалардын жаңылануу процесстерин жөнгө салуу программасы да каржыланган.

Программаларды эндокринолог жана Путиндин улуу кызы 40 жаштагы Мария Воронцова жетектейт.

Буга чейин интернет желесине Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жашоонун узактыгын жогорулатуу тууралуу сүйлөшкөнү тартылган видео тасма тараган.

Кечээ, 7-октябрда Путин 73 жашка толду. Анткен менен Путиндин Орусия президенттигиндеги мөөнөтү узакка созулары күтүлүүдө. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин 2036-жылга чейин, 83 жашка чыкканга чейин шайлана алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: