super.kg logo

Садыр Жапаров жазган китебинин уландысын чыгарарын билдирди

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча маек берди. Анда өлкө башчысы ошол жылы "Достук" мейманканасында депутаттар тарабынан премьер-министр болуп шайланышына учкай токтолуп, китеп жазарын билдирди.

"Ал күндөрдөгү окуялар боюнча ийне-жибине чейин айтып олтурсам көп убакыт кетет. Ал окуялар боюнча кийин мемуар жазам. "Саясаттагы 10 жыл" аттуу китебимдин уландысын чыгарам. 2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат. Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар. Китеп "Бестселлер" болот.

Албетте, ишти алып кетүү абдан эле оор болду. Өлкөдө баш аламандык. Саясий күчтөр он чактыга бөлүнүп алышып, элди да бөлүп-жарышып ар кимиси өз көмөчүнө күл тарткандар. Анысы аз келгенсип сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп турду. Ар кандай оюндар болуп, мени бир эле жолу эмес, үч жолу кайра-кайра кайталап премьер-министрликке бекитишти.

Акыркы жолу 14-октябрь бекен, эсимде жок, үчүнчү жолу бекидим. Ошондон кийин премьер-министр катары толук кандуу иштей баштадым",- деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: