Данияда 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу сунушталды
Дания бийлиги 15 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу AFP агенттиги кабарлады.
Премьер-министр Метте Фредериксен бул демилгени парламентте сүйлөп жатып жарыялады. Ал кайсы социалдык тармактарга тыюу салына турганын так айткан жок.
"Мобилдик телефондор жана социалдык тармактар балдарыбыздын балалыгын уурдап жатат",- деди Фредериксен.
Анын айтымында, статистика бул маселеде кооптуу жагдай бар экенин көрсөтүп турат. Алсак, Данияда 11 жаштан 19 жашка чейинки балдардын 60 пайызы достору менен жолугушуунун ордуна үйдө отурганды туура көрөт.
Сунушталып жаткан жаңы эрежелерге ылайык, 13 жаштан баштап балдар социалдык тармактарды колдоно алышат, бирок бул үчүн ата-энесинин уруксаты талап кылынат.
Буга чейин Франциянын парламентиндеги профилдик комиссия да 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну сунуш кылган. Бул чаралар балдардын коопсуздугу үчүн керек экени, себеби социалдык тармактарда өзүнө зыян келтирүүгө үндөгөн жана экстремисттик мүнөздөгү материалдар кеңири жайылып жатканы айтылган.
