Садыр Жапаров 2020-жылдагы толкундоодо бийликти басып алууларды алдын алганын айтты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларында бийликти басып алууларды алдын алганын билдирди.
"Мен камактан 6-октябрь таң эрте чыктым. Кечинде премьер-министр болдум. Үчүнчү сутка уктабай жүрсөм дагы дароо телеге барып, элге кайрылуу кылдым. "Мародёрлук кылбагыла, шаарды талкалабагыла, бийликти басып албагыла" деген сыяктуу кайрылууларды жасадым.
Өлкө боюнча бийликти басып алуу башталган экен. Кимдир-бирөө акимдикти, кимдир-бирөө губернаторлукту дегендей. Кудай жалгап, менин кайрылуумдан кийин басып алгандар чыгып кетишип, мурдагылар эле иштей башташты. Биринчи кезекте ушундай стабилдүүлүк керек болчу.
Стабилдүүлүктү калыбына келтирбесек, көп убакытка чейин баш аламандык улана бермек. Шаар ичине ар кайсы жерлерге ыктыярчылардан турган топторду түзүп, мародёрлукка жол бербөө иштерин уюштуруп жаттык. Ошол себептен 10 күн бою эч бир айнек сынбастан, дүкөндөр тонолбостон, стабилдүүлүк болуп турду. Бул үчүн жаштарга, жалпы элге ыраазы болушубуз керек. Угуп, макул болушуп, стабилдүүлүктү сактап беришти",- деди президент "Кабар" агенттигине курган маегинде.

