Көңүл буруңуздар! Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

Эртең, 9-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектеги айрым турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Өчүрүү төмөнкү аймактарда болот: Манас проспекти, Темир жол линиясы - Ала-Арча дарыясына чейин, Бөкөнбаев көчөсү, Кулуев көчөсү, Москва көчөсү, Дмитров көчөсү, Орозов көчөсү, Казаков көчөсү, Дэн Сяопин проспекти, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия бульвары, Михаил Фрунзе көчөсү, Турусбеков көчөсү, Чүй проспекти.
Мекемеден билдиришкендей, ичүүчү суу "Батыш-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Мекеме келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктаничүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранат.

