super.kg logo

"Колдорунда куралдары бар". Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков оор сүйлөшүүлөрдөн соң отставкага кеткенин айтты

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча маек берип жатып, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматын тапшырганын айтты.

Өлкө башчы ошондой эле Жээнбековду жазалайбыз деген жоон топ элди токтотуп калганын билдирди.

"Сооронбай Шарипович 8-октябрь күнү пайда болду. 6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. "Эмне болду?" десем, "Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат экен кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз" дешти. Колдорунда куралдары бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум.

Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. Баарын аянтка алып келип асабыз дешет. "Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок” деп ынандырып жатып, араң макул кылдым. Ызы-чуу.

"Сен өзүң бийликке туруп-турбай жатып коррупционерлерди колдой баштадың" дешет. Баарын мыйзамдын чегинде жазалайбыз десем, "Кустура аласыңбы?" дешет. Ооба “кустурам” дейм. “Кустурузация” деген сөз ошондон калган. “Люстрация кыласыңбы?” дешет. “Ооба, люстрация кылам" дейм. "Камайсыңбы?" дешет. “Ооба, камайм" дейм.

Айтор, эмне дешсе да макул болуп жатам. Бир гана суранычым – кан төгүлбөсүн. Эгер кан төгө турган болсоңор, мен лидерликтен баш тартам дедим. Себеби дүйнөлүк коомчулук бизди жапайы эл катары көрүп калат. Кошуна өлкөлөр дарбазасын жабат. Көпкө чейин өзүбүзгө келе албай калабыз, мени менен эч ким эсептешпей коёт деп жатам.

Эгер кичине эле кан төгүлгөндө, кимдир-бирөөлөрдүн кыялындагы "эч ким эсептешпейт, эч ким мамиле түзбөй коёт, эч ким бизге келбейт" деген кыялы накта ошондо ишке ашмак. Кийин анын күнү туумак. "Мына, мен айттым беле" деп какшап жүрмөк.

Элестетсеңиз, мен өзүм түрмөдөн чыгып бийликти алып жатсам, анан мурдагы чиновниктердин каны төгүлүп жатса, дүйнөлүк ММКлар мен кан төгүп жаткандай көрсөтмөк да. Элдин жини келип, 30 жылдан берки ууру чиновниктердин кылыгына тоюп кетип, эл өзү жасап жатканына эч ким ишенмек эмес.

Ошентип, 8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр ото оор өтүп жатты. 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти",- деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: