Казакстанда педофилдерге эркиндикке чыгарына жарым жыл калганда химиялык кастрация жасалат
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизди. Документке ылайык, педофилдер эркиндикке чыгарына алты ай калганда химиялык кастрация колдонулат.
"Мекеме администрациясы жазасын өтөө мөөнөтү аяктаганга он эки ай калганда соттук психиатриялык экспертиза дайындоо боюнча материалдарды сотко жөнөтөт. Бул экспертиза кылмышкерде психикалык бузулуулар жана кайрадан жыныстык зомбулукка барышы мүмкүн же жок экенин аныктоо үчүн жүргүзүлөт",- деп жазылат маалыматта.
Ошону менен бирге, бул чара соттун чечими менен психикалык оорулары бар деп табылып, бирок акыл-эси ордунда деп эсептелген адамдарга карата колдонулбайт.
Буйрук расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөн соң күчүнө кирет.
Эске салсак, 2018-жылдан тарта Казакстанда жаш балдарды зордуктагандарга карата химиялык кастрация мыйзам жолу менен колдонулат. Бул медициналык процедура соттун чечими менен гана жүргүзүлөт жана ага чейин соттук психиатриял эыккспертиза педофилде мындай кылмышка ык бар экенин тастыкташы керек.
Бул мыйзам өзгөртүүлөрү өлкөдө балдарды зордуктоо учурларынын кескин көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
