super.kg logo

"Урушпай калышты". Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттер менен болгон жолугушуу максатына жеткенин айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен Дубайда уюштурулган жолугушуу максатына жеткенин билдирди.

"Өтөсүнө чыкты. Башкы максатым - баарын бир столго олтургузуп, "өтөр өттү, кетер кетти, эми бири-бириңер менен акыйнек айтышпай, тынчыгыла" деген сөздү айтмакмын. Айттым. Ага чейин билесиздер, Акаев менен Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков болуп тарапташтары да тирешип, чабышып, акыйнек айтышып, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ЖМКларга чейин чыгып турушчу.

Булардын баары жөн кишилер эмес, аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр мамлекет башкаргандар. Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калган кишилер. Анан эле баары бири-бири менен чабышып жатса, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда тынч эмес деп ойлойт экен да. Албетте, инвестор келбейт. Далай ири инвесторлорду көрдүм. Кыргызстан дегенде буйтай качышат экен.

Чакырсаң эле "кокуй, силер революция кыла берген, ынтымагыңар жок мамлекетсиңер. Силердин мамлекетке инвестиция салыш коркунучтуу, акча тынчтыкты сүйөт" дешет. Ошондон улам баарын чогултуп айтчу сөзүмдү айттым. Ошондон кийин бири-бири менен урушпай калышты.

Тарапташтары да тынчышты. Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык. Дүйнөлүк ММКлар дагы өз өлкөлөрүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери бир столго олтуруп, ынтымакка келишти деп жаңылык кылып жазышты.

Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты. Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш башталды",- деди президент "Кабар" агенттигине берген маегинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: