super.kg logo

Садыр Жапаров бийликке келер алдында элдин акыркы үмүтү болгонун айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча маек берип жатып, ошол кезде элдин акыркы үмүтү анда болгонун айтты.

"Элдин акыркы үмүтү болчу. Акыркы жолу ушуга бир ишенип көрөлүчү деп калышкан. Эгер мен дагы элдин ишеничин актабаганда, анда Кыргызстан бара-бара жок болмок. Себеби эч кимге ишенич болбой калгандан кийин эл дагы өз кызыкчылыгы менен жашап калмак.

Талапкерлер шайлоого келгенде, бул деле баягылардын бирөө да деп, ким көп акча берсе, алып туруп ошолорду шайлай бермек. Мекенчилдик сезимдери жоголуп кетмек. Акча таратып президент болуп келген киши өлкө тагдырын ойломок беле. Албетте, талап-тоноп, өзү эле эмес, тегерегиндегилер менен уурдап, мамлекетти жок кылмак",- деди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле бийликке келгендеги алгачкы кадамдары тууралуу кеп кылды.

"Биринчи кадам стабилдүүлүктү калыбына келтирүү болчу. Келтире алдык. Экинчи кадам башкаруу системасын жаңыдан түзүү болчу. Аны да түзө алдык. 2007-жылдан берки парламенттик башкаруу деген системасы мамлекетти чачыратып, жок кылайын деп калды эле.

Бийлик бутактары мурда эле коррупцияга батып калган. 2010-жылы парламенттик башкаруу деген немеси парламентти да баш-оту менен коррупцияга тыкты. Ошону менен бүткүл өлкө коррупцияга батып, “ботко” болуп эле жатып калдык.

Ошол мезгилди мен өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып жүрдүм. “Ата журт” партиясы менен парламентке келгенбиз. Ар бир мамлекеттик кызматты базарда соодалашкандай эле сатып калганбыз да. Себеби башкаруу системи ошондой болуп калган. Ошол систем 2020-жылга чейин уланды.

Эгер 2020-жылы бийлик алмашпаганда бүгүн Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары бар болот беле же жок болот беле – бир Кудай өзү билет. Бюджеттин дефицити 30 миллиарддан ашык, пандемия убагында алынган 350 миллион доллар карыз менен дефициттин жарымын жапса, жарымын социалдык төлөмдөргө жумшап салышкан.

Кредит алып эмгек акы, пенсия-пособия тараткан мамлекет - чачырап бара жаткан мамлекет деп айтсак болот. Үчүнчү кадам экономиканы көтөрүш керек эле. Мына бүгүн, Кудайга шүгүр, экономикабыз өсүү темпи менен бара жатат. Мурда кайыр сурап, грант сурап эле жүргөн мамлекет болсок, эми эч кимден грант сурабайбыз.

Акыркы 5 жылда эч бир өлкөдөн грант сураган жокпуз. Албетте, алынып жаткан кредиттер бар. Бирок ар бир кредит коммерциялык долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. Келечекте ар бир долбоор өзүн-өзү актайт, бюджетке эч кандай оорчулук келтирбейт. Мурдагы кередиттер кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Мына азыр аларды төлөчү мезгил келди. Төлөп жатабыз.

2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтөбүз. Азыркы алынып жаткан кредиттерди же тышкы карыздарды дейбизби, кийин убактысы келгенде, ар бир долбоор өзү жабат. Бюджеттен төлөнбөйт. Ошондуктан тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп элдин башын айлантып жаткандарга кошулбагыла демекчимин",- деп кошумчалады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: